Чүйдө гаражда өрт чыгып бир киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында гараж күйүп, 52 жаштагы бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кыраалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 11-ноябрда эртең менен саат 7ге жакын өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн себептери такталып жатканы айтылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, бир суткада өлкө аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: журналист Айданбек Акматов камакта калдыЫрчы Бекжан Темиркан жол кырсыгынан каза болдуКыргызстанда автоунаа жолдоруна төлөм алуу сунушталуудаСадыр Жапаров Си Цзинпинди үчүнчү мөөнөткө шайланышы менен куттуктады