Бишкек шаардык соту бүгүн 9-ноябрда Талас облусунун мурдагы губернатору, активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 20-декабрга чейин камалган.
23-24-октябрда оппозициялык маанайдагы жыйырмадан ашуун саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалышкан.
"Жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.
Кармалгандардын арасынан саясатчы Азимбек Бекназаров жана активист Талант Эшалиев бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко доо арыз жазган эмес.
Биринчи Май райондук соту Бекназаровду 23-декабрга чейин камаган. Ал эми Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.
Кармалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатышат. (КЕ/TSh)
Дагы караңыз
Sky News: Орусия Украинада колго түшкөн куралдарды Иранга жашыруун жөнөткөнБаткен: тургундар калыбына келтирүү иши жай жүрүп жатканына кабатырКемпир-Абад иши: сот чечими өзгөргөн жокКемпир-Абад иши: камалгандардын жакындары нааразылык акциясына чыгышты