Алжир БРИКСке кошулуу үчүн расмий арыз тапшырды. Бул тууралуу египеттик "Аль-Шарук" басылмасы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен билдирди.
Өлкө бийлиги буга чейин эле уюмга кирүү максатын бир нече жолу билдирген. Жайында президент Абделмажид Теббун Алжир БРИКСке кирүү үчүн зарыл болгон бардык критерийлерге жооп берерин айткан.
БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa).
БРИКС бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 40% көбүн жана глобалдуу ички дүң өндүрүмдүн 22,5% түзөт. Уюмга кошулууга быйыл жайында Иран арыз берген.
Алжир ички дүң өнүм боюнча дүйнөдө 57-орунда турат.
Дагы караңыз
Крымдагы өзбек студенттерге окуусун Өзбекстанга которууга уруксат берилди2023-жыл түрк дүйнөсүндө "Бакен Кыдыкеева жылы" деп жарыяландыДнепропетровскиде логистикалык ишкана бутага алынды10-ноябрдын аба ырайыКемпир-Абад иши: Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды