Крымдагы өзбек студенттерге окуусун Өзбекстанга которууга уруксат берилди

Крымдагы өзбекстандык студенттердин кайрылуусу тартылган видеодон алынган скриншот.

2014-жылы аннексиялап алган Крымдагы жана Севастополдогу университеттерде окуган өзбек студенттерге окуусун Өзбекстанга которууга уруксат берилди.

Расмий кабарга ылайык, президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жогорку окуу жайларга кабыл алуу жараянын координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия тийиштүү чечимди кабыл алды.

8-ноябрда Крым федералдык университетинин Медициналык академиясында билим алып жаткан өзбекстандык студенттер социалдык тармактар аркылуу президент Шавкат Мирзиёевге кайрылуу жолдошкон. Алар согуштан улам Крым кооптуу аймактардын катарына киргенине байланыштуу окуусун Өзбекстанга которууга жардам сурашкан.

1-ноябрда Орусиянын Украина менен чектеш Курск, Брянск, Белгород, Воронеж, Ростов жана Краснодар шаарларында окуган өзбекстандык студенттерге окуусун Өзбекстанда улантууга өзгөчө уруксат берилген.

Дагы караңыз

Кыргызстанда жоюлган кыргыз класстарКличко Киевге кантип жарык берет?