Швейцариялык ири UBS банкынын Германиядагы кеңсесинде жана түйүндөрүндө орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун иши боюнча тинтүү жүргүзүлдү.
Тинтүү банктын Франкфурт-на-Майне жана Мюнхен шаарларындагы филиалдарында жүргөнүн шейшембиде Der Spiegel басылмасы жазды.
Ага ылайык, Германиянын Федералдык прокуратурасы Алишер Усмановдон салык төлөөдөн качууга, тышкы соода мыйзамдарын бузууга жана акча адалдоого шек саноодо.
"Немис толкуну" радиосу билдиргендей, Алишер Усманов Орусия Украинага кол салганда эле Евробиримдиктин санкциясына илинген.
Германиянын Федералдык прокуратурасы акыркы бир нече айда банктан акча адалдоого шек саналган жүздөгөн эсептерди чогулткан. Баштапкы маалыматтар боюнча алар Алишер Усмановго тиешелүү.
Тергөөчүлөр UBS банкында 2018-2020-жылдарда 2 млн. евродон ашуун суммага жүргүзүлгөн операцияларга кызыгууда.
Шектүү транзакциялар тууралуу UBS банкына алдын ала маалымдама берилгенин жергиликтүү басылмалар маалымдашты.
Алишер Усмановдун өкүлү ишкер таза экенин, салыктарын Орусияга төлөп келе жатканын жана кайрымдуулук менен алектенерин журналисттерге билдирди.
Der Spiegel журналы жазгандай, немис бийлиги Усманов Германияга салык төлөөгө тийиш деп билет, анткени согушка чейин ал Бавариядагы Тегернзе көлүнүн жээгиндеги резиденциясында жашаган.
Forbes журналы Алишер Усмановдун байлыгын 14,6 миллиард доллар деп санаган.
Дагы караңыз
Кыргызстанда жоюлган кыргыз класстарАдвокат камакка алынган операторго иш мыйзамсыз козголгонун билдирдиКемпир-Абад иши: сот чечими өзгөргөн жокТажикстан: бадахшандык ага-ини активисттер 13-16 жылдан абакка кесилдиОрусия соттолгондорду согушка салат