Адвокат камакка алынган операторго иш мыйзамсыз козголгонун билдирди

Калыс Ашырбаев.

Журналист Санрабия Сатыбалдиеванын иши боюнча кармалып, камакка алынган оператор Калыс Бактыбек уулунун (Ашырбаев) адвокаты Жаманкул Жунусов иш мыйзамсыз козголгонун айтууда.

Адвокат бул иш бийликти сындап келген журналист Санрабия Сатыбалдиеваны камоо үчүн ойлоп табылган деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.

"Мен арыз менен таанышсам, Баяна Кулова Шайырбек Ташиевди "бир тууган агам" деп, анын атынан арыз жазыптыр. Бирок Баянанын аты-жөнү, туулган жери да башка экен, демек бир тууган эмес. Ташиев үчүн жазып жаткан адам кантип жабырлануучу болот? Шайырбек Ташиев өз укугун өзү коргой албайбы? Жашы жете элек балабы же өзүнүн кыймыл-аракетин көзөмөлдөй албайбы? Кулова Ташиевдин асырап алган кишисиби? Кулова кантип анын атынан арыз жазат? Анын арызы дагы, ал боюнча "Опузалап акча талап кылуу" беренеси менен козголгон кылмыш иши да мыйзамсыз. Бул иш журналист кызды камоо үчүн атайын алдын ала ойлонулганы көрүнүп турат. Калысты кармаган күнү эле адвокатсыз сурап, көрсөтмө алышкан. Кулова Калыска тосмо арыз жазып берген, бирок сот көпкө кеңешип, Калысты 15 суткага камады. Аны кое берип жиберсе, көрсөтмөлөрүнөн баш тартып коет деп чочулашууда", - деди Жунусов.

Адвокат Жунусов оператордон Санрабия Сатыбалдиевага каршы көрсөтмө бериши талап кылынганын белгиледи.

Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шек саналып кармалган оператор Калыс Ашырбаевдин бөгөт чарасы 5-ноябрда каралып, 15 күнгө камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2016-2017-жылдары социалдык тармактарда жарыяланган аудиожазууларды шантаж кылып таратып, Жогорку Кеңештин депутаттарынан акча талап кылган адамдар кармалганын маалымдаган.

Министрликтин маалыматына караганда, алар 3-ноябрда 2 миң доллар алып жаткан тапта колго түшкөн.

Бул иш боюнча Mir24.kg порталынын директору Санрабия Сатыбалдиева жана ушул эле медианын оператору Калыс Ашырбаев кармалган.

Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева 4-ноябрда тергөөчүнүн “эч жакка кетпөө” тууралуу токтомунун негизинде бошотулду. Ал жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген. Социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Тажикстан: бадахшандык ага-ини активисттер 13-16 жылдан абакка кесилдиОрусияда тик учак кулап, бир адам каза таптыКличко Киевге кантип жарык берет? Бишкекте "Саясий туткун: 1991-2002" деген талкуу өттүАкча которуулардын рекорддук көрсөткүчтөрү жаңырууда