Түркмөнстандын бийлигин кескин сынга алганы менен таанылган түркмөн активисти Нурберды Базаров Түркиянын Стамбул шаарында кармалды.
Бул тууралуу Түркияда жашаган башка бир түркмөнстандык активист Нурмухаммет Аннаев “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдирди.
Түрк бийлиги жакын арада Нурберды Базаровду Ашхабадга депортация кылышы мүмкүн. Ал азыр Стамбулдун жакасындагы Тузла шаарындагы депортация борборунда кармалып турат.
Активист Нурмухаммет Аннаевдин пикиринде Базаровду түрк бийлиги түркмөн бийлигинин өтүнүчү менен кармашы мүмкүн. Эгер ал Ашхабадга жөнөтүлсө, активист камакка алынып, кыйноого алынышы ыктымал.
Нурберды Базаровду Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовду жана анын уулу, азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун саясатын кескин сынга алып келген.
Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Түркияда жүргөн түркмөн активисттерине жана алардын Түркмөнстандагы жакындарына басым күчөп жатканын эскертип келет. Уюм расмий Ашхабад өкмөттү сынга алгандардын баарына куугунтук жасап жатканын билдирүүдө.
Сентябрда Түркия Түркмөнстандын бийлигинин өтүнүчү менен түркмөн жарандарына визасыз режимди жойгон. Көпчүлүк уюмдар бул кадамды Түркияда жашаган түркмөн укук коргоочуларын мекенине кайтарып, камакка алуу чарасы катары баалашкан. (ErN)
Дагы караңыз
Казак бийлиги мамлекеттик тилди билбегендерге жарандык бербөөнү сунуштадыТүркиянын ички иштер министри "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүл койдуПрезидент Садыр Жапаров Сауд Арабиясына барары кабарланды Кемпир-Абад иши: камалгандардын бөгөт чарасы каралат