Түркиянын ички иштер министри "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине гүл койду

«Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл коюу аземи. 2022-жылдын 8-ноябры.

8-ноябрда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, 1937-38-жылдардагы репрессия курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жерге, Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл койду.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган ИИМдин кызматкерлери катышты.

"Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" карата Бишкекте акыркы 30 жылда саясий куугунтукка кабылгандарга жана 1937-38-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына байланыштуу жыйын өтүп, анда азыркы бийлик мурдагы президенттер кетирген каталардан сабак албай жатканы айтылды.

23-24-октябрда Ички иштер министрлиги жыйырмадан ашуун активисттерди, саясатчы, блогерлерди камакка алган. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар бул жапырт камоолорду "саясий куугунтук" катары сыпаттап, аларды камактан чыгарууну талап кылууда.

Дагы караңыз

Дача СУдагы кырсыкты иликтеген коомдук комиссия ишин аяктадыHRW: Каракалпакстандагы калабада күч колдонулганАКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына шайлоо өтөт