8-ноябрда жаан-чачын болот

8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Зымдарга жана дарактарга суу кар жабышат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 3...8,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсун 1...6, күндүз 3....8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,

Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Бийлик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз -4...+1°.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 5…7°.

Дагы караңыз

Ирандагы нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны 300дөн ашты"Ата Мекен" партиясынын 30 жылдыгы белгиленди Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдөПрезидент тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата элге кайрылдыКыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков 70 жашка чыкты