Белужистан аймактык полиция башчысы Ираншахр-Бампур автожолундагы полиция бекетинде төрт кызматкер өлтүрүлгөнүн өкмөттүк IRNA телеканалына билдирди. Ал кылмышты иликтөө иштери башталганын дагы айтты.
Тегеранда адеп-ахлак полициясы “хижаб салынуу эрежесин бузганы” үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини абакта каза болгондон кийин башталган нааразылык толкуну өлкөнүн ар кайсы аймактарында уланууда.
Социалдык тармактарда өкмөттүк күчтөрдүн нааразылыкка чыккандарга зордук-зомбулук менен жооп кайтарганын көрсөткөн видеолор тарап жатат. Ослодо жайгашкан Ирандын адам укуктары уюмунун белгилешинче, куугунтукта кеминде 277 адам, анын ичинде 40 бала мерт болду.
Күрдистандын Адам укуктары тармагы жана Hengaw адам укуктары уюму 1-ноябрда Ирандын батышындагы Бане шаарындагы видеокөзөмөл камераларынан бир жаранды куралдуу коопсуздук күчтөрү атып салганын көрсөткөн видеону жарыялашты.
5-ноябрда бийликтин катаал чараларына карабай, Ирандын университеттеринде каршылык акциялары уланды.
Дагы караңыз
Элчи Өмүрбек Текебаев ИИМге суракка барганын билдирдиБУУ маалымат үчүн жоопко тартуу ыкмасынан баш тартууга чакырды Льюис: Мыйзамдар эркин медиага каршы кыянат колдонулууда