Орусиянын жана Украинанын күчтөрү Херсон облусунун түштүгүндө бир нече жерде артиллериядан атышканын эки тараптын тең расмийлери бышыктады. Москва дайындаган облус бийлиги Днепр дарыясынын батыш жээгинен элди эвакуациялоону улантууда.
Ал ортодо Украинанын улуттук электр тармактары Киевде жана башка жети региондо жарыкты маал-маалы менен өчүрө турганын жарыялап, мунун орус армиясынын соккуларынан кийинки оңдоп-түзөө иштерине байланыштырды.
Күн сууктаган сайын Украинада эл электр энергиясын көп пайдаланып, электр тармактар ишканасы жарык менен камсыз кылуу үчүн улам талкаланган жерлерин оңдоонун аракетинде.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Луганск жана Донецк облустарынын чыгышында орус армиясынын чабуулунун алдын алганын бир күн мурун кабарлады. Украинанын абадан коргоонуу системасы орустар учурган ирандыктардын бир нече дронун жана “Калибр” үлгүсүндөгү эки канаттуу ракетасын атып түшүргөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Камоолор жана бөгөт: сөз эркиндигинин ойго салган абалыДепутаттын төрт түлүк малга салык киргизүү сунушуГрин-карт уткандын баары АКШга кете алабы?