“Абдыш-Ата” футболдук клубу Кыргызстандын чемпиону болду

“Абдыш-Ата” футболдук клубунун курамасы.

Канттын “Абдыш-Ата” футболдук клубу өзүнүн тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Ушул тапта “Абдыш-Атада” 53 упай бар. Оштун “Алай” командасы 47 упай менен экинчи орунга илинсе, Бишкектин “Алга” клубу 42, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 40 упай топтоду. 24 турдун жыйынтыгы менен “Абдыш-Атанын” эсебинде 16 жеңиш, беш тең чыгуу жана үч жеңилүү бар.

“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы түптөлгөн. 2002-жылы команда Жогорку лигага көтөрүлгөн. 2006-2009-жылдардагы сезондо экинчи орунду алган.

2021-жылы 15 беттешти жеңип, биринчи орундагы клубдан үч упайга артта калган жана турнирдик жадыбалда экинчи орунга илинген. “Абдыш-Атанын” оюнчуларын азыр Арикан Абдурахман машыктырат. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте жергиликтүү курултайда Октябрь району боюнча талаш чыктыАКШ Украинага миңден ашык "жанкечти" учкучсуз учак берет“Дежавю” спектаклинин премьерасы экинчи ирет болбой калдыПрезидент Жапаров элчилер менен Кыргызстандагы сөз эркиндигин талкуулады