Киевде жарым миллионго жакын батир жарыксыз калды

Киев.

Украинада электр тармагындагы чыңалуудан улам 4-ноябрдын таңында Киевде 450 миң батир жарыксыз калды. Бул тууралуу шаардын мэри Виталий Кличко билдирди.

Абал оор экенин айткан Кличко шаардыктарды электр энергиясын мүмкүн болушунча үнөмдөөгө чакырып, калк үчүн миң жылытуу пункту ачылганын белгиледи.

Октябрдын ортосунан тарта орус армиясы Украинанын энергетика тармагына ракеталар жана "жанкечти" дрондор менен сокку урууда. Киев өлкөнүн энергетикалык объектилеринин 40% жакыны жабыркаганын маалымдаган. Натыйжада жарыкты пландуу өчүрүү графиги киргизилген.

Украина бийлиги Орусия мамлекеттин түштүк-чыгышындагы инфратүзүмгө жана жарандык объектилерге "жанкечти" дрондо кол салганын 4-ноябрда билдирди. Президент Зеленский миллиондогон украиналыктарды электр жарыгысыз калтырганы үчүн Москваны "энергетикалык терроризм" үчүн айыптады.

Днепропетровск облусунун губернатору Валентин Резниченконун айтымында, украин аскерлери Никополь районунда сегиз "Шахед-136" учкучсуз учагын жок кылышкан.

Резниченко орус аскерлери төрт калктуу конушту аткылаганын, электр жарыгын үзгөнүн билдирди. Орусия Украинадагы жайкын тургундарга кол салынганы тууралуу айыптоолорду четке кагып келет.

Дагы караңыз

Чоюн Өмүралиев: Омор Султановдун чыгармалары карыбайт "Пландалган сумма түшпөй жатат". Санкциялардын бажы төлөмүнө таасири