Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун Бишкекте концерт берип жатканына нааразылыгын билдирип, пикетке чыкты. Активист ырчыны Украинага согуш ачкан Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясатын жактайт деп айыптады.
Токтонасыров Киркоровду Бишкектен сый менен тосуп алгандарга да нааразы болгонун Фейсбукка жазды.
Орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун концерти 3-ноябрда Бишкектеги Спорт сарайында өтүп жатат.
Филипп Киркоров Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп уюштурулган "Күчтүү президент - күчтүү Орусия" деген аталыштагы концертте ырдаган. Быйыл апрелде Путин аны 55 жаш мааракеси менен куттуктаганын орусиялык басылмалар жазып чыккан.(ZKo)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алдыБУУ: Орусиянын кол салуусунан улам 14 миллион украиналык жер котордуКемпир-Абад суу сактагычы кантип башкарылат?Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзамдын маңызы жана максаты Кыргыз өкмөтү көмүрдүн баасына убактылуу тескөө киргизди "Азаттык" Финчалгын кызматынан, УКМКдан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады "Kумтөр" күттүргөн отчётун жарыялады