Кыргыз өкмөтү көмүрдүн баасына убактылуу тескөө киргизди

Кара-Кече.

Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик тескөө киргизилди. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, 2022-2023-жылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши ыктымалдыгын, маселе учурда каралып жатканын билдирген.

1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ишке киргенин "Кыргызкөмүр" ишканасы маалымдаган.

Ал эми Казакстандан алып келинген көмүрдүн баасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда. (КЕ)

Дагы караңыз

"Азаттык" Финчалгын кызматынан, УКМКдан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады Ирандын өкүлдөрү өзөктүк келишимди сүйлөшүү үчүн кайрадан Венага баратКыргыз-өзбек тышкы иштер министрлери чек ара боюнча бир катар документке кол койдуКыз ала качкан кылмыштар сотко жетпей кыскарууда