Кыргыз-өзбек тышкы иштер министрлери чек ара боюнча бир катар документке кол койду

Владимир Норов жана Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстанга 3-ноябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов расмий иш сапар менен келди. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келгенин башкы дипломатиялык мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, министрлер "абдан мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн". Сүйлөшүүдө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулганы айтылат.

Министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, өкмөттөр ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Мындан сырткары Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Өзбекстандын “Узархив” агенттигинин ортосундагы кызматташуу меморандумуна, ТИМдердин кызматташтыгы боюнча программага кол коюлду. Соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Иш сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Владимир Норовду кабыл алды.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда көпчүлүк добуш менен жактырган.

Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кеткен.

Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын "Азаттыкка" билдирген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик "Кабар" маалымат агенттигине маек куруп, кош башкарууда "кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын" белгилеген.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Буга чейин Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан Өзгөн районунда нааразылык акциялары өткөн.

Жогорку Кеңештеги "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков 2-ноябрдагы парламент жыйынында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, бул жагдай талаштуу болуп калганынан улам чечим кабыл алууга убактылуу мораторий жарыялоону сунуштаган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Дагы караңыз

Кыз ала качкан кылмыштар сотко жетпей кыскаруудаМинистрлер кабинети Кара-Буура районуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүүнү сунуштадыТүндүк Кореянын континенталдык ракетасы Жапон деңизине түштүЗапорожье АЭСи кайрадан энергетикалык системалардан үзүлдүКазакстанда көмүр шахтасындагы кырсыктан беш адам каза болду