Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Иллюстрация сүрөт. Папан суу сактагычы, Ош облусу.

4-ноябрда түнкүсүн Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан жаабайт.

Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 9…14;

Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...+1.

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 12…14 градус болот.

Дагы караңыз

Казакстанда көмүр шахтасындагы кырсыктан беш адам каза болдуИзилдөө: Кыргызстанда кош бойлуу аялдардын теңи аз кандуулуктан жабыркайт Орусияда жети миллион рубль уурдоого шек саналган Борбиева 2,5 жылга кесилди Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды