УКМК эки милиция кызматкери пара менен кармалганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн (РРИБ) эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 2-ноябрда кабарлады.

Маалыматта кармалгандар кылмыш ишти оң жака чечип берүүгө убада берип, шектүүдөн 120 000 сом талап кылышканы, 1-ноябрга караган түнү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнү айтылат. Мындан тышкары УКМКнын укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу иштеринин жүрүшүндө, Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен чогуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы жазылган.

Эки милиционер УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу тууралуу иликтеп-тергөө иштери жүрүп жатат.

Кармалган тараптын жакындары, адвокаттары комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

ИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарландыОрусия Украинанын борборун "жанкечти" дрондор менен аткыладыАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтНурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды Равшан Жээнбеков өзүн сотко күч менен алып келишкенин билдирди