Орусия Украинанын борборун "жанкечти" дрондор менен аткылады

Киев.

Орусиялык күчтөр 2-ноябрдын таңында Украинанын борбордук жана чыгыш аймактарын "жанкечти" дрондор менен аткылады. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрү билдирди. Жалпысынан 12 дрон абадан атып түшүрүлгөн.

Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, калаа бийлиги чабуулдарда жылуулук берүүчү станциялар иштен чыгышы мүмкүн деген кооптонуудан улам шаардыктарга 1000дей атайын пункт даярдоодо.

"Эгер суу, жарык, жылуулук бирдей өчүп калса, ошондо жаман болот. Мындан улам биз шаардыктар жылынуучу 1000дей атайын пункт даярдап жатабыз",-деди Кличко.

Орусиянын аба чабуулдарынан улам Украинанын энергетикалык тармагынын 40% жабыркады.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат 1-ноябрда эскерткендей, Киевде азырынча Иранда өндүрүлгөн баллистикалык ракеталардан коргонуу системасы жок.

Өткөн айда Washington Post басылмасы АКШнын атайын кызматтарындагы булактарына таянып, Иран Орусияга "жер-жер" классындагы ракеталарды жеткирүүнү караштырып жатканын билдирген.

Дагы караңыз

Нурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды Кара деңиз аркылуу Украинадан дан ташуу убактылуу токтодуРавшан Жээнбеков өзүн сотко күч менен алып келишкенин билдирди