Ооганстанда апийим өстүрүү быйыл 32% көбөйдү

Апийим айдалган талаадагы дыйкан. Кандагар, Ооганстан. 15-март, 2022-жыл.

Талибдердин өкмөтү маңзатка тыюу салганына карабастан, Ооганстанда апийим өстүрүү 32% жогорулады.

Улуттар уюмунун Маңзат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 1-ноябрда жарык көргөн жылдык баяндамасына ылайык, талибдер апийим өстүрүүгө апрель айында тыюу салгандан бери анын баасы кескин жогорулаган.

Апийим айдагандардын кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу үч эсе жогорулап, 2022-жылы 1,4 миллиарда долларга жеткен. Былтыр бул сумма 425 миллион доллар болчу.

Ошону менен катары Ооганстан апийим жана героин экспортун токтоткон жок. Өлкө дүйнөдөгү апийимге болгон талаптын 80% камсыздайт.

Дагы караңыз

Равшан Жээнбеков өзүн сотко күч менен алып келишкенин билдирдиНурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарланды