Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14,6 млн. сомдук 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.
Расмий маалыматка караганда, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен Отрадное айыл аймагынан өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилип, анын негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгарганы аныкталган.
"Андан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары жана өндүрүштүк-коммерциялык ишкананын төрагасы, жер комиссиясынын өкүлдөрүнөн, айыл өкмөтүнүн адистеринен турган комиссия тарабынан 2014-жылы учурда жерди жеке максатта пайдаланууда, коомдун 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин анын төрагасынын жеке менчигине берүү зарылдыгы жөнүндө акт түзүлгөн. Ошол эле учурда кийин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлгөн ишкананын мүчөлөрү Ак-Суу районунун Отрадное айыл аймагынын аймагында иш жүзүндө жашаган эмес", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.
Буга чейин Башкы прокуратура Талас, Ош облустарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жерлер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген. (КЕ)
Дагы караңыз
Равшан Жээнбеков өзүн сотко күч менен алып келишкенин билдирдиНурланбек Шакиев добуш бербей чыгып кеткен депутаттарга кайрылды Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтИИМ Семетей Талас уулуна "хизбутчуларга" байланыштуу айып коюлганын кабарлады Иран Сауд Арабияга кол салышы мүмкүн экени кабарланды