1-ноябрга караган түнү орус аскерлери Украинанын бир катар шаарларын аткылады. Чабуулдар тууралуу Николаев, Днепропетровск жана Полтава облустарынын жетекчилери билдиришти. Көп кабаттуу үйлөр зыян тартты, курмандыктар бар.
Николаевге түндө урулган соккуда бир аял көз жумганын шаардын мэри Александр Сенкевич билдирди. Анын айтымында, аткылоо түн жарымда башталган. Медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, эки кабаттуу турак жай талкаланган.
Никополь да түн ичинде аткылоого туш болду. Шаарда 14 көп кабаттуу жана жеке үй, бала бакча, дарыкана, чачтарачкана, дүкөндөр жана банк имараттары жабыркаган. Бул тууралуу Днепропетровск облустук аскер башкармалыгынын төрагасы Валентин Резниченко билдирип, Никополго 40 снаряд атылганын маалымдады.
Резниченко Марганецте аткылоодон улам электр өткөргүчтөр, суу каналдары жабыркаганын кошумчалады. 40 миңден ашуун үй-бүлө суусуз, 10 миңден ашуунужарыксыз калды.
31-октябрда эртең менен украин бийликтери Киев, Харьков жана башка шаарларга Орусия сокку урганын билдиришкен.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага каршы чабуулдардын жаңы толкуну тууралуу азырынча комментарий бере элек.
Киевдин мэри Виталий Кличко калаага суу жана жарык берүү калыбына келтирилгенин маалымдады. Бирок мэр электр энергиясынын олуттуу тартыштыгынан улам өчүрүүлөр улана турганын эскертти.
Дагы караңыз
АКШ армиясы Украинага берилген куралдардын эсеп-кысабын алуудаГерманиядагы кышкы газдын запасы дээрлик 100 пайызга жеттиӨзбекстандагы абактарда интернет бөлмөлөрүн ачуу пландалууда