Көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши мүмкүн

Көмүр ташыган унаа. Бишкек. Ноябрь, 2021-жыл.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы күрөшүү кызматы көмүрдүн баасына тескөө киргизилиши ыктымалдыгын, маселе учурда каралып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, мекеменин төрагасы Кеңешбай Тайлаков бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги көмүр саткан жайларды кыдырды. Көмүр сатуучу базалардын жетекчилери менен жолугушуп, бааларды жөнсүз көтөрбөөнү эскертти. Сатуучуларга "Атаандаштык" жана "Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо" жөнүндө мыйзамдар тууралуу түшүндүрмө берилди.

1-ноябрдан тартып Бишкекте тоннасы 4 миң сомдук көмүр саткан соода түйүндөрү ишке киргенин "Кыргызкөмүр" ишканасы маалымдаган.

Ал эми Казакстандан алып келинген көмүрдүн баасы 5 миң сомдун айланасында сатылууда. (ZKo)

Дагы караңыз

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча жаңы сунуш талкуулануудаАКШ армиясы Украинага берилген куралдардын эсеп-кысабын алуудаАКШ Камчы Көлбаев боюнча реакция болоруна үмүттөнөрү айтылдыТүрк тилдүү мамлекеттердин темир жол багытындагы кызматташтыгы талкууландыГерманиядагы кышкы газдын запасы дээрлик 100 пайызга жеттиУКМК кармалды делген казак активисттери жөнүндө түшүндүрмө бере элек