Жеңил өнөр жайындагы өндүрүш ыкмаларын жакшыртуу жолдору талкууланды

Иш-чаранын катышуучулары.

Кыргызстандын жеңил өнөр жай ишканаларынын “Легпром” ассоциациясы тигүү менен алектенген компаниялардын өкүлдөрү үчүн өндүрүш ыкмаларын жакшыртуу боюнча атайын окутуу уюштурду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Эл аралык ITC соода борборунун Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасынан (GTEX) билдиришти.

Төрт күндүк тренинг аталган программанын алкагында уюштурулуп, ага тигүүчү компаниялардын 40ка жакын жетекчиси, технологдору, конструкторлору катышты.

Аталган тармактагы белгилүү адис, тигүү өндүрүшүнүн технологиясы боюнча окуу программасынын автору Елена Чиркова ишти бөлүштүрүү аркылуу өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу ыкмаларын айтып берди. Ал ишти туура уюштуруу кирешени көбөйтүүгө да өбөлгө болорун, атайын машиналарды, транспорттук каражаттарды жана жаңы технологияларды колдонуунун маанилүүлүгүн түшүндүрдү.

“Легпром” ассоциациясы Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагында иш жүргүзүүчү ишканалардын, ишкерлердин укугун коргоо, аларды өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда кездеме жана тигүү тармагы өнөр жай өндүрүшүнүн 7,1 % түзөт. Тигүү фабрикаларынын жана цехтеринин көбү Ош, Бишкек, Каракол, Талас шаарларында жайгашкан. (RK)

Дагы караңыз

Баткен: кечеңдеген курулуш, ортомчулардын "оюну"Өзбекстандагы абактарда интернет бөлмөлөрүн ачуу пландалуудаУКМК кармалды делген казак активисттери жөнүндө түшүндүрмө бере элек Журналист Семетей Талас уулун милиция алып кетти