Орусияда журналисттер “Говорит НеМосква” долбоорун түзүштү

Виктор Мучник.

Орусиялык көз карандысыз журналисттер тобу “Говорит НеМосква” долбоорун түзүштү.

Орусиянын аймактарындагы жашоо жөнүндө баяндаган Телеграм каналга буга чейин ТВ-2 телеканалын жетектеген Виктор Мучник башкы редактор болду.

Жаңы медианы Орусиянын ар кайсы аймактарында иштеген көз карандысыз журналисттер, бийликтин кысымы менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгондор иштетет.

TB-2 деген ат менен белгилүү Томск телекомпаниясы аймактык маалымат каражаттарынын бири болгон. Бийлик аны 2014-жылы жапкан. Кийинчерээк "ТВ-2 маалымат агенттиги" түзүлгөн. Украинада согуш башталгандан кийин бул басылманы да бийлик жапкан. Анын алдында Роскомнадзор Алексей Навальныйдын тарапкерлеринин 14-февралдагы акциясы тууралуу тексттен улам сайт жабыларын эскерткен.

Украинадагы согушту чагылдырууда Коргоо министрлигинин маалыматтарынан айырмаланган кабарларды тараткан жети миңден ашык сайттар, анын ичинде "Азаттык" радиосунун медиа долбоорлору - Север.Реалии, Сибирь.Реалии, Идел.Реалии блоктолгон. Ошондой эле "Дождь" телеканалы, "Эхо Москвы", "Медуза", DOXA, "Mediazona" радиостанцияларынын иши токтогон.

Дагы караңыз

Прокуратура журналист Болот Темировду актаган чечимге каршы даттанды"Азаттык" банктагы эсебинин бөгөттөлүшү боюнча расмий түшүндүрмө сурадыТоолуу Карабак: Баку менен Ереван “күч колдонбоону” макулдашты