2-ноябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз 8...13;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -3...+2.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18 градус болот.
Дагы караңыз
Адилет Балтабайдын ишине байланыштуу сот өкүмү 11-ноябрда чыгат Прокуратура журналист Болот Темировду актаган чечимге каршы даттандыТөө-Ашууда жүк ташуучу автоунааларга чектөө алындыБалтабайдын соту: прокурор беш жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди