Түрк инвестициялык фондунун кеңсесин Кыргызстанда ачуу зарылдыгы айтылды

Түрк мамлекеттер уюмунун желектери.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 31-октябрда Түрк инвестициялык фондун түзүү жѳнүндѳ макулдашуунун долбоорун талкуулап, бир добуштан жактырды.

Фонд боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова маалымат берди. Анын айтымында, фонддун уставдык капиталы 500 млн. долларды түзөт.

"Кыргызстандын үлүшү 70 миң доллар. Үч жылдын ичинде республикалык бюджеттин каражатынан төлөнөт. Бул фонд түрк тилдүү мамлекеттерде артыкчылыктуу бизнес долбоорлорду каржылоо үчүн жакшы ресурстук база болуп эсептелет. Фонддун иштеши чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу рынокту түзүү жана өлкөнүн эл аралык рейтингдеринде позициясын жогорулатууга көмөктөшөт", - деди Усенбекова.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков фонддун штаб кеңсеси кайсы өлкөдө жайгаша турганына кызыкты. Ал 2019-жылы бул маселе козголгондо фонддун кеңсесин Кыргызстанга жайгаштыруу сунушу айтылганын, муну эртерээк аныктоо зарылдыгын билдирди.

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков кеңсени Кыргызстанда ачуу үчүн имарат көрсөтүлө турганын айтты. Депутат Адахан Мадумаров фонд түзүүгө имарат эмес жер берилиши керектигин айтты.

"Достук эки тараптуу болот. Бул кызматташтык куралгандан бери баш штаб квартирасы Түркияда, парламенттик тарабы (ТүркПА) Бакуда (Азербайжан), илимий тарап Астанада (Казакстанда) жайгашкан. Кыргызстанда эч нерсе жайгашкан эмес. Бул Кыргызстандын позициясы болуш керек. Үч мамлекетте очойгон орток ишкана бар. Ошончолук чоң өлкөлөр фонд түзүп жаткандан кийин дагы бир окуу жайды бошотуп, оңдоп-түзөп киргизип койбой, жер берип, өздөрү заманбап имарат кура тургандай шарт болушу керек", - деди Мадумаров.

Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов 2021-жылы Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушууда инвестициялык фонд түзүүнү сунуштаган. Анда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү аракети тууралуу сөз болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" банктагы эсеби эч кандай түшүндүрмөсүз бөгөттөлдү Кемпир-Абаддын суусун кош башкаруу келишиминин долбоору комитетте жабык каралуудаКөк бөрү боюнча чемпионатта Талас командасы жеңдиСот департаменти 5,5 млн. сомдук чыгымды төлөгөнү кабарланды