Түштүк Кореяда тыгында каза болгондор жана жараат алгандар арасында кыргыз жарандары жок экенин 30-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул тууралуу окуя катталган Йонгсан районунун полициясы кабарлады.
“Азыркы кезде Кыргызстандын Корея республикасындагы элчилиги кырсыктын чоо-жайын билиш үчүн жергиликтүү тийиштүү органдар менен иштешип жатат. Элчиликте +82-10-6891-2707 (WhatsApp) ыкчам байланыш номуру иштөөдө” деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан, соңку маалымат боюнча, кеминде 151 адам каза болду, дагы 82 адам жараат алды. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон деген жеринде болгон. Каза тапкандардын 19у чет өлкөлүктөр экени аныкталды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тыгын 100 миңдей адам чогулган окуя учурунда айрымдары кууш көчөлөрдүн бирине агылганда пайда болгон. Адамдар көчөгө батпай, биринин үстүнө бири жыгылып, тебелендиде калышкан. Көбүнүн жүрөгү токтоп калган.
Хэллоуин Түштүк Кореяда кеңири белгиленбейт. Кырсык болгон район чет өлкөлүктөр көп чогулган маданий борбор болуп эсептелери, ал жерде ресторан жана башка эс алуу жайлары жайгашканы, каза болгондордун көбү 20 жашка чейинки курактагылар экени айтылууда.
Өлкө президенти Юн Сок Ел жалпы улуттук аза күтүү жарыялады.
Кырсыкка байланыштуу президент Садыр Жапаров Түштүк Кореяга көңүл айтты. Ал "Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм" деди. (RK)
Дагы караңыз
Иран: Укук коргоочунун өлүмү жөнүндө жазган эки журналистке айып тагылдыСирияда калган балалуу аялдар жакында кайтып келери айтылдыОрусия Украина боюнча "дан келишиминен" чыкканын жарыяладыСталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилди