Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан, соңку маалымат боюнча, кеминде 151 адам каза болду, дагы 82 адам жараат алды. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон районунда болгон. Каза тапкандардын 19у чет өлкөлүктөр, алардын экөө орусиялыктар экени аныкталды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, тыгын 100 миңдей адам чогулган окуя учурунда айрымдары кууш көчөлөрдүн бирине агылганда пайда болгон. Адамдар көчөгө батпай, биринин үстүнө бири жыгылып, тебелендиде калышкан. Көбүнүн жүрөгү токтоп калган.
Хэллоуин Түштүк Кореяда кеңири белгиленбейт. Кырсык болгон район чет өлкөлүктөр көп чогулган маданий борбор болуп эсептелери, ал жерде ресторан жана башка эс алуу жайлары жайгашканы, каза болгондордун көбү 20 жашка чейинки курактагылар экени айтылууда.
Өлкө президенти Юн Сок Ел жалпы улуттук аза күтүү жарыялады. (RK)
Дагы караңыз
Сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилдиЭл аралык спорттук медиа бирикмеcи "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөлүшүнө кабатырУлуттун дөөлөтүн жазган Жалил СадыковКемпир-Абад: абактагы айымдарды бошотуу өтүнүчү