"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Иран кызматынын кабарчысы Реза Хагигатнеджад сөөгү Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) тарабынан уурдалышын Мамдепартамент "жийиркеничтүү" деп атады.
Иран бийлигин Резанын сөөгүн тез арада анын үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүгө чакырды.
"Резанын сөөгүн Иранга, кичи мекени Ширазда көмүү үчүн жеткирилген учурда IRGC уурдап кеткени тууралуу маалыматты жийиркенүү менен кабылдадык. Хагигатнеджаддын сөөгүн алып кетүү - Иран бийлиги өзүнүн кылмыштарын ашкерелеген журналисттерден өлгөндөн кийин да коркуп жатканын көрсөтөт", - деп жазылган Мамлекеттик департаменттин басма сөз кызматы 27-октябрда тараткан билдирүүдө.
45 жаштагы саясий баяндамачы Реза Хагигатнеджад "Фарда" радиосунун кабарчысы болуп 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал 17-октябрда Берлиндеги "Шарите" ооруканасында өсмө оорусунан (рак) каза болгон.
Маркумдун жакындары Резанын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Шираз шаарында жерге берүү үчүн Иран бийлигинен тиешелүү уруксат алганын айтышууда.
Сөөк Иранга 25-октябрда жеткирилгенден кийин IRGC агенттери аны белгисиз жакка алып кеткен. 27-октябрда Бейгумжан Раиси Хагигатнеджаддын апасы видео билдирүү жасап, анда Ирандын коопсуздук агенттери уулунун сөөгүн уурдап кеткенин айткан.
Бийлик азырынча буга эч кандай комментарий бере элек.
22 жаштагы Махса Амини адеп-ахлак полициясы кармап кеткенден кийин өлгөнү - Иранда массалык нааразылык акцияларынын келип чыгышын шарттады. Дээрлик бир айга созулган толкундоолор учурунда бийлик күч колдонуп, 200дөн ашуун адам өлдү.
Дагы караңыз
Медиакоомчулук "Азаттыкка" тилектештик акциясын баштады KICB Орусиянын "Мир" картасын тейлөөнү токтотту "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин ишин Касиет Мамырбай улантарын билдирди"Путин чет элдик агент мыйзамын Борбор Азияга да жайылтууну көздөйт" АКШнын Мамдепартаменти “Азаттыктын” сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн айыптады