Президент Садыр Жапаров Астанага барды

Президент Садыр Жапаровдун сапарына байланыштуу Астанадагы билборд. 27-октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Казакстандын борбору Астанага иш сапары менен барды.

Анын алкагында президент "Борбор Азия - Европа Биримдиги" лидерлеринин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, мамлекет башчы Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине да катышат.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутат 47-түрмөнүн ордуна парк курууну сунуштадыБишкекте журналист кол салууга кабылдыМолдовалык ишкерлер АКШнын "кара тизмесине" кирдиТазабек Икрамов "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу чечимин сындадыКемпир-Абад: Суунун чеги суроо жаратууда Жапырт камоо, сөз эркиндиги, акыркы кырдаал