SuperTV телеканалынын кабарчысынын сабалышы боюнча Бишкектин Ленин райондук милициясына арыз жазылып жатканын аталган маалымат каражаты 27-октябрда кабарлады.
Телеканалдын редакциясы кабарчы Бактурсун Жоробековдун сабалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
Маалыматта айтылгандай, окуя 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда болгон. Жоробековго төрт киши кол салган. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр телефон чалып издешкен жана коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.
Укук коргоо органдары бул тууралуу азырынча комментарий берише элек.
Журналисттерге кол салган учурлар Кыргызстанда мурда да катталган. Буга байланыштуу эл аралык укук коргоо органдары тынчсыздануусун билдиришкен. (RK)
Дагы караңыз
Молдовалык ишкерлер АКШнын "кара тизмесине" кирдиТазабек Икрамов "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу чечимин сындадыКемпир-Абад: Суунун чеги суроо жаратууда Жапырт камоо, сөз эркиндиги, акыркы кырдаал