Кытай ишкерлери Кыргызстандан бал, сүт азыктарын жана алкоголдук ичимдиктерди импорттоого кызыкдар. Бул тууралуу 26-октябрда Кытайдын Бишкектеги элчилигинин өкүлү Ли Юе Кыргызстандын инвестициялар агенттигинин башчысы Умбриэл Темиралиев менен жолуккан учурда билдирди.
Жолугушууда Кытай менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгын арбытуу тууралуу сөз болду.
Темиралиев соода мамилесинин масштабын кеңейтип, эки тараптын тең кызыкчылыгында болгон соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү менен бирге кыргыз товарларын Кытайга экспорттоону көбөйтүү - Инвестиция агенттигинин максаты экенин билдирди.
Ли Юе Кытай базарларында Кыргызстандын товарлары таанымал жана суроо-талапка ээ экенин айтып, ишкерлер кызматташууга кызыкдарлыгын белгиледи.
Жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлери кызматташуунун оңой жана пайдалуу жолдорун таба ала турган аянтчаларды түзүүнү макулдашты.
Дагы караңыз
Ирандын атайын кызматы журналисттин сөөгүн уурдап кетти"Украинадагы согушта каза болгон өзбек, тажик, кыргыздарды көрдүм"Жапырт камоо, сөз эркиндиги, акыркы кырдаал