Министрлер кабинети Кыргызстандан көмүрдү автотранспорт менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салынганын 26-октябрда билдирди. Бул тууралуу чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Ага ылайык, алты айлык мөөнөткө киргизилген чектөө кыргыз-кытай чек арасындагы "Иркештам” жана “Торугарттан" башка бардык өткөрмө бекеттерге тиешелүү.
Бул чечимдин аткарылышы боюнча тиешелүү министрликтерге зарыл чараларды көрүү тапшырырлды.
Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салган. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрдагы маалымат жыйында мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынганын билдирген. (КЕ)
Дагы караңыз
Чек ара: дайынсыз кеткен жоокерге таандык деген сөөктүн ДНК-анализи чыктыФлай: Эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөтБайден Орусияга өзөктүк курал колдонуу “олуттуу ката” болорун эскерттиКазакстанда 200 миңдей кишиден жеке идентификациялык номер алуу арызы түштү