Президент Жапаров Борбор Азия жана ЕБ лидерлеринин жыйынына катышат

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров 27-октябрда иш сапары менен Казакстанга барат. Ал Астана шаарында өтө турган Борбор Азия жана Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусуна катышарын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын күн тартибинде турган актуалдуу темалар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашат. Мындан тышкары Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапардын алкагында Жапаров Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.

Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн эл аралык иш-чараларга катышкан. Бул күндөрү Казакстанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны жана “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммитти өткөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Чек ара: дайынсыз кеткен жоокерге таандык деген сөөктүн ДНК-анализи чыктыФлай: Эркин медианы куугунтуктоо кыргыз демократиясына көлөкө түшүрөтБайден Орусияга өзөктүк курал колдонуу “олуттуу ката” болорун эскерттиКазакстанда 200 миңдей кишиден жеке идентификациялык номер алуу арызы түштү