Байден Орусияга өзөктүк курал колдонуу “олуттуу ката” болорун эскертти

Президент Жо Байден. Архивдик сүрөт

25-октябрда АКШ президенти Жо Байден өзөктүк курал колдонуу “олуттуу ката” болорун Орусияга эскертти. Буга чейин Москва Украина өз аймагында “ыплас бомбаны” (радиоактивдүү зат менен дүрмөттөлгөн курал) жардырууну көздөп жатат деп билдирип келген.

Байдендин айтымында, Вашингтон жана Киевди колдогон башка өлкөлөр орус бийлигинин сөзүн дароо четке каккан.

"Украина жана анын өнөктөштөрү Орусия өзү башка өлкөнүн желегине жамынып, ошондой кыянат ишти даярдап жатат, жоопкерчиликти Киевге жүктөө аракетин көрөт деп шек санашат. Москва кийин ал кырдаалдан пайдаланып, кадимки атомдук куралды колдонуп жибериши мүмкүн", - деп эсептешет өнөктөштөр.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 23-октябрда НАТОнун бир нече мүчөсүнө кайрылып, эч кандай далилдерди келтирбестен, украин тарап сөз болгон бомбаны колдонууну көздөп жатканын айткан.

Шейшембиде Москва өз шектенүүлөрү тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешин кабардар кылды.

Дагы караңыз

Төө-Ашуудагы автоунаа кыймылына чектөө киргизилдиБишкекте "МедиаКоон: Эркиндик үчүн" форуму өтүп жататАкыйкатчы институтунун 20 жылдыгы белгиленүүдө