Байден өзөктүк курал колдонуунун арты жаман болорун эскертти

АКШнын президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Орусияга өзөктүк курал колдонуунун кесепети жаман болорун эскертти. Ал 25-октябрдагы сүйлөгөн сөзүндө бул Орусиянын "олуттуу катачылыгы" болуп каларын айтты.

"Мен азырынча сөз “жалган желек” операциясы жөнүндө болуп жатканына кепилдик бере албайм. Биз билбейбиз. Бирок бул өтө олуттуу ката болуп калат", -деди Байден журналисттерге.

Жекшембиде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Британия, Франция жана Түркиянын коргоо министрлерине чалып, "Украина өз аймагында "ыплас бомба" (радиоактивдүү материал менен дүрмөктөлгөн кыргын салуучу курал) колдонууга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар" тынчсыздантып жатканын билдирген. Буга эч кандай далил келтирген эмес.

Киев жана Батыш өлкөлөрү Шойгунун бул айтканын орусиялык эскалацияга шылтоо катары дароо четке кагышкан. Батыш аналитиктери Москва Киевди айыптоо үчүн алдын ала “жалган желек” операциясын даярдап жатышы ыктымал деп божомолдоодо.

Украин бийлиги Шойгу айткан "ыплас бомбасы" жоктугун, андай куралды колдонуу ниети да жоктугун билдирди.

Дагы караңыз

Баткендик ишкерлер 217 млн. сомдон ашуун насыя алыштыКемпир-Абад: кармоодогу калпыс жагдайлар Орусия АКШга стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын билдирдиЖогорку Кеңеш 23 адамдын жапырт камалышы боюнча ИИМдин маалыматын угатInditex мода үйү Орусиядан биротоло кетет