Зеленский: Орусия энергетикалык тармактын 30 пайызын талкалады

Украинаны калыбына келтирүү конференциясы. Берлин, 25-октябрь, 2022-жыл

Орусиянын ракеталары менен Иранда жасалган дрондор Украинанын энергетикалык инфраструктурасынын 30 пайызын талкалады. Бул тууралуу 25-октябрда Украинаны калыбына келтирүү конференциясында президент Владимир Зеленский билдирди.

“Орусия бизди кышында оор абалда калтыруу үчүн болгон аракетин көрүп келатат”, - деп айтты видео аркылуу сүйлөгөн Зеленский.

Берлинде өткөн жыйынга немис канцлери Олаф Шольц, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана башка жогорку саясатчылар менен расмий адамдар катышты.

Фон дер Ляйен Украинанын жарандык инфраструктурасын бутага алууну “террорго” теңеп, кыйроолордун масштабы үрөй учурарын айтты. Дүйнөлүк банк 350 миллиард еврого зыян келтирилгенин болжолдоп жатат.

Еврокомиссиянын төрайымы ошондой эле Украинаны калыбына келтирүү боюнча координациялык платформа тезирээк, балким жыл аягына чейин түзүлүүгө тийиш деп белгиледи.

Шольцтун пикиринде, Орусиянын дрондор менен сокку уруусу Москванын айласы канчалык кеткенин далилдейт.

Зеленский Киев реконструкция планынын алкагындагы 17 миллиард доллардын бир центин ала электигин белгиледи.

Ал эми Украинанын байланыш жана аймактык өнүгүү министри Алексей Чернышев өлкөнү калыбына келтирүү иштери кармаштар уланып жатса да башталууга тийиш деген оюн ортого салды.