Жогорку Кеңештин аппарат башчысы алмашты

Шабданбек Алишев.


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин буйругу менен Шабданбек Алишев парламенттин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы 24-октябрда маалымдады.

42 жаштагы Шабданбек Алишев буга чейин президенттик администрацияда, кийинчерээк Жогорку Кеңеш төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.

Буга чейин ЖКнын аппаратын Бакытбек Мажитов жетектеп келген.

Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагалыгына 5-октябрда шайланган. Ага чейин бул кызматты аркалап келген Талант Мамытов спикерликтен өз каалоосу менен кетип жатканын билдирип, буга "парламенттеги айрым окуялар себеп болгонун" кыйыткан. (ZKo)

Дагы караңыз

Башаламандык уюштурууга шек саналгандар эки айга камалды Активист Эрлан Бекчоро уулу эки айга камалдыАйданбек Акматов менен Али Шабдан 20-декабрга чейин камалдыРавшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакка алынды