26-октябрда Бишкек шаарына жылуулук берилет

26-октябрдан баштап Бишкек шаарына жылуулук берилет. Мындай чечим күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулукка туташтырылат. Андан соң турак жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.

Кыргызстанда 17-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп, тоолуу жерлерге кар жаай турганын кабарлаган. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, 25-октябрда бир катар облустарда жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстан он айда бюджетти колдоо үчүн 180 миллион доллар карыз алдыЖапырт кармоо: Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калды Британиянын башкаруучу партиясы Риши Сунакты премьерликке тандадыРавшан Жээнбеков жапырт кармалгандарга жасалма айып коюлуп жатканын айтты