Равшан Жээнбеков жапырт кармалгандарга жасалма айып коюлуп жатканын айтты

Кармалгандарды бошотууну талап кылып тургандар. Биринчи май райондук сотунун алды. 24-октябрь, 2022-жыл.

23-октябрда "массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен кармалгандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков аларга жасалма айып коюлуп жатканын айтты. Мындай пикирин 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бөгөт чарасын кароо үчүн алып келингенде "Азаттыктын" кабарчысына билдирди. Ал эч ким мамлекеттик башалмандык уюштурууну план кылбаганын белгиледи:

"Бизди түрмө менен коркута албайт. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери, аны бербегиле!"- деди ал.

Кармалгандардын дагы бири жарандык активист Али Шабдан бул окуяны "акылга сыйбаган көрүнүш" деп баалады. Рита Карасартова жана Чыңгыз Капаров да мыйзамдан аша чапкан кадамга барышпаганын билдиришти.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алардын ишине байкоо салып жатканын акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирген. Кармалгандар акыркы күндөрү "Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы" пикирин билдирип келатышкан.

Алардын бөгөт чарасы 24-октябрда кечке жуук сотто карала баштады. Сот имаратынын сыртына алардын жакындары, тарапташтарынан турган бир нече киши топтолуп, адилет чечим чыгарууну талап кылып турушат. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кармалгандардын бири - Перизат Суранова менен адвокатын жолугуштурууга милиционерлер жол бербегени тууралуу видеону Фейсбукка чыгарды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Ошто да ондон ашуун активисттин катышуусунда ушундай талап менен митинг өттү. Жалал-Абад жана Өзгөн шаарларында бийликтин саясатын колдогон акция уюштурулду.

Садыр Жапаров ушул күнү улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (SE)

Дагы караңыз

Жапырт камалган саясатчылар жана активисттер кимдер? Украина Иранда жасалган дрондорду атуу үчүн Израилден жардам алдыЖалал-Абадда жана Өзгөндө бийликтин саясатын колдогон митинг өттү