25-октябрда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 9…14;
Бийик тоолордо түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3 градус.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 14…16° градус жылуу болот.
Дагы караңыз
Жазуучу Салман Рушдинин көзү кол салуудан кийин көрбөй калды Журналист Алишер Саиповдун апасы президентке кайрылдыОшто активисттер камоолорго каршы чыгышты Депутат Самыйкожо камалган активисттерди бошотууга чакырды