Журналист Алишер Саиповдун апасы президентке кайрылды

Мындан 15 жыл мурун киши колдуу болгон, таанымал журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан Саипова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, уулунун ишин иликтөөгө чекит коюп берүүнү суранды. Кайрылууну 24-октябрда Бишкекте Саиповду эскерген иш-чарада иниси Шахрух Саипов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго бергенин айтты.

"Сизге чейин мамлекетибизди башкарган президенттердин уулум Алишердин ишин аягына чыгарууга саясий эрки жетпеди. Андай эркти көрсөтүүнү сизден үмүттөнөм", - дейт Саипова.

Маркумдун апасы жана бир туугандары Алишердин өлүмүнө саясий баа берүүнү бийликтен суранып жүрүшөт.

Журналистти 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер Ош шаарында атып кеткен. Андан бери 15 жыл өтсө да кылмыштын бети ачыла элек.

Журналисттин өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган. 2019-жылы кылмыш иши кайра жанданып, 2022-жылдын августунда кайра токтотулду. Башкы прокуратура кылмыш иши "айыпталуучу катарында жоопко тартууга тийиш болгон жакты аныктоого мүмкүн болбогондугуна байланыштуу" токтогонун билдирген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова журналисттин кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу материалдарды сурап, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эмгиче жооп ала албаганын билдирди.

26 жаштагы Алишер Саиповдун өлүмүндө Өзбекстандын ошол кездеги бийлигинин колу бар экени айтылып келет. (SE)