Өзгөндө жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

23-октябрда саат 21:24тө Өзгөн районунун Шераалы, Чимбай, Мырза-Арык, Куршаб айылдарында жана Өзгөн шаарында күчү үч баллга, Тогой, Шоро-Башат, Красный-Маяк, Социализм, Бакмал, Мырза-Аке айылдарында 2,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда үч баллды түздү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Акыркы айларда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр Ысык-Көлдө, Оштун Чоң-Алай районунда, Жалал-Абаддын бир катар аймактарында катталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктары сакталышын талап кылды Борис Жонсон премьер-министрликке ат салышпай турганын билдирди Жумаш Дурусалиевдин Копенгагендеги концертиУкраина: Энергетикага сокку, Херсондо эвакуация күчөдүОрусияда ок-дары заводунда чыккан өрттөн үч адам көз жумдуИрандын атомдук энергия агенттиги хакердик чабуулга кабылганын билдирди