Кытай: Коммунистик партия уставын өзгөртүүгө макул болду

Си Цзиньпин.

Ишембиде Кытайдын Коммунистик партиясынын XX съезди өттү. Анда делегаттар партиянын уставын өзгөртүүнү колдошту жана партиянын борбордук комитетинин мүчөлөрү кайра шайланды. Саясий бюронун Туруктуу комитетинин мурдагы жети мүчөсүнүн төртөө кайра тандалган жок. Алардын арасында Кытайдын премьер-министри Ли Кэцяна дагы бар. Азыркы лидер Си Цзинпин сүйлөөр алдында Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзиньтао залдан чыгарылды.

Серепчилердин баамында, бул өзгөртүүлөр 69 жаштагы Си Цзинпиндин бийлигин бекемдөө жана ал компартиянын лидери болуп үчүнчү мөөнөткө шайланарынан кабар берет. Пекиндеги съездде миңдей делегат Си Цзинпин “партиянын өзөгү”, анын саясий багыты негизги идеология болуп бекитилүүчү токтомду колдошту. Коммунистик партия уставындагы өзгөртүүлөрдө партия Тайвандын көз карандысыздыгына каршы туруусу камтылган.

Съездде партиянын борбордук комитетинин добуш берүүгө укуктуу 200дөй мүчөсү тандалды. Алардын 11и аялдар. (TSh)

Дагы караңыз

Таласта милиция кызматкеринин өлүмү иликтенип жататМамлекеттик ипотекалык компания үй курууну пландап жататБишкекте коомдук ишмер Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өттү Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш улануудаРакеталык соккулардан Украинанын бир нече аймагы жарыксыз калды