Таласта облустук ички иштер башкармалыгынын каржы бөлүмүнүн башчысы, подполковник М.А. аттуу кызматкердин өлүмү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азаттыкка" 22-октябрда облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 21-октябрда 50 жаштагы кызматкердин башына ок тийип, ооруканага жеткирилген. Саат 20:10 чамасында жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Кызматкер 14-октябрдан бери ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жүргөнү, бул боюнча оорукананын аныктамасы бар экени айтылат.
Маркумдун жакындары анын өлүмү боюнча комментарий бере элек.
Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө. (MKt)
Дагы караңыз
Кемпир-Абад: Өзгөндөгү жөө жүрүш улануудаРакеталык соккулардан Украинанын бир нече аймагы жарыксыз калды Президент Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча түшүндүрмө бердиCNN: Ак үй Илон Маск менен Иранда Starlink системасын кошууну талкуулап жатат