CNN: Ак үй Илон Маск менен Иранда Starlink системасын кошууну талкуулап жатат

Ирандагы акциялардын бири.

АКШ президентинин администрациясы Starlink системасын Иранда жеткиликтүү кылуу үчүн Илон Маск менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу CNN телеканалы булагына таянып кабарлады.

Иранда бийлик интернетти чектөөгө алып жатканы үчүн Starlink интернет менен камсыз кылуучу система катары каралууда. CNN Вашингтон Ирандагы протесттик кыймылдарды колдоонун жолдорун издеп жатканын белгиледи.

Иранда 16-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган. Бийлик нааразылыктарды күч менен басууда. Нааразычылык акциялары борбор калаа Тегеран баштаган отуздан ашык шаарда уланган. Иран бийлиги митингдерге байланыштуу өлкөдө интернетти маал-маалы менен өчүрүүдө.

Нааразычылык акциясына чыккандар аялдар укугун коргоо, полициянын ээнбаштыгын токтотуу, демократия орношун жана өкмөттүн кетишин талап кылып жатышат. Акцияда аялдар басмырлоого каршы протест катары хижабын чечип, чачтарын кыркууда.

Украин армиясы Starlink системасын байланыш, чалгындоо жана учкучсуз аппараттарды башкаруу үчүн колдонуп жатышат.

Дагы караңыз

Балыкчы-Кочкор темир жолун орусиялык ишкана менен бирге куруу талкууландыМамлекеттик ипотекалык компания үй курууну пландап жататБаткенде курман болгондордун жакындарына 1 млн. сомдон берилет