Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында иран аскерлери Украина шаарларына дрон менен сокку урууга орусиялыктарга жардам берип жатат. Бул тууралуу АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Жон Кирби 20-октябрда билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Иран дрондорду учурууга орусиялык аскерлерге жардам берүү үчүн атайын адистерди жөнөткөн. Бул маалыматты британ өкмөтү да ырастады.
"Тегеран азыркы учурда Украинанын жарандык жайларына жана карапайым тургундарына залака келтирген курал-жабдык берүү менен согуштук аракеттерге аралашууда", - деди Кирби.
Ал Байдендин администрациясы Орусияга дрон сатканы үчүн Иранга санкция киргизүүнү көздөп жатканын билдирди.
АКШнын бул айыптоосуна Тегеран жооп бере элек.
Америка чалгын кызматтарынын эсебинде, дрондорду жаңыдан колдоно баштаганда орусиялыктар бир катар оорчулуктарга туш болушкан. Ошондуктан ирандык адистерди чакырууга туура келген.
АКШ, Британия, Франция жасаган билдирүүгө караганда, Ирандын Орусияга учкучсуз аппараттарды сатышы БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2015-жылкы резолюциясына каршы келет. Ага ылайык, эл аралык коомчулук санкцияларды жеңилдетмек, ал эми Тегеран айрым курал-жабдыкты экспорттоону токтотууга милдеттенме алган.
Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагып келет.
Дагы караңыз
"Шахид 136". Украинаны бутага алган "жанкечти" дрондорКремль да Украинада бир гана орус техникасы колдонулуп жатат деп ишендирип жатат. Эксперттер Орусиянын согушта Иранда өндүрүлгөн дрондорду колдонуп жатышы "Москвада курал-жабдык таңкыс экенинин далилдейт" деп эсептейт.
Дагы караңыз
Нарында Куланак ГЭСинин курулушу башталдыКыргызстан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн дүйнөлүк саммитине катышуудаМашыгуучу учакта жабыркагандардын биринин абалы оор