Кыргыз учактарын "кара тизмеден" чыгаруунун жол картасы түзүлүүдө

Кыргызстан 2023-жылы учуу коопсуздугунун сегиз критикалык элементтери боюнча Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) толук кандуу аудитинен өтөт.

Учурда өлкөнүн авиакомпанияларын Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу үчүн жол картасы түзүлө баштады. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев бүгүн, 21-октябрда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, 24-октябрда ИКАОнун Европа жана Түндүк атлантика бюросунун директору Кыргызстанга келип, аудитке даярдык жана "кара тизмеден чыгуу" жол картасы менен таанышат.

"Мурда ИКАОнун аудити менен "кара тизмеден" чыгуу иштери биргеликте алып барылса, азыр экөө эки башка каралып, эки башка жол картасы иштелип чыгат", - деди Настаев.

Быйыл майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлгөн.

Жаңы түзүлгөн мекеме жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырат жана бул тармактагы уюмдарынын ишин жөнгө сала турганы белгиленген. Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иштер жасалышы керектиги айтылган.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатына жана учуу коопсуздугуна байланыштуу 2006-жылы Европа Биримдигинин "кара тизмесине" кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген.

Европа комиссиясынын адистери 2020-жылы авиация тармагында Кыргызстанга 28 сын пикир айтып, эскертүү берген. (КЕ)

Дагы караңыз

Машыгуучу учакта жабыркагандардын биринин абалы оорАкылбек Жапаров ЕАЭБ ички соодадагы тоскоолдуктарды жоюшу керектигин айттыЧүйдө кездеме кампасынан өрт чыктыUNICEF: Украинадагы согуштан Кыргызстанда 70 миңден ашуун бала жакырчылыкка кептелди