Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жайгашкан кездеме сактоочу кампадан өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 21-октябрда таңга маал саат 04:45те беш өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
"Тазалык" ишканасынан эки суу ташуучу унаасы дагы жеринде иш алып барды. Тилсиз жоо саат 8ге жакын чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыкта 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)